Мирлан Карагулов Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, Мирлан Карагулов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды жана ал буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду.