SerepTV Logo

Мирлан Бакиров: "Райымбек Матраимовдун "Мекеним Кыргызстанга" эч кандай тиешеси жок"

Мирлан Бакиров: "Райымбек Матраимовдун "Мекеним Кыргызстанга" эч кандай тиешеси жок"
"Райымбек Матраимовдун "Мекеним Кыргызстан" партиясына эч кандай тиешеси жок", - дейт аталган партиянын төрагасы Мирлан Бакиров. Саясатчы мындай маалыматты СуперТВ телеканалындагы "Саясий коктейль" берүүсүндө билдирди. "Жогорку Кеңештин учурдагы 6-чакырылышынын депутаты Искендер Матраимов биздин тизмеде парламенттик шайлоого барды. Балким, ошонүчүн коомчулук партияны алардын фамилиясына байлап жатышкандыр", - дейт Бакиров. Ошондой эле Мирлан Бакиров өзүнүн бул партиянын төрагасы болуп калышын "саясий кеңештин чечими" катары түшүндүрдү. Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.
Unknown Author