Министрлик: "Социалдык тармактарда Кыргызстандын карызы 1 миллиард долларга көбөйгөндүгү тууралуу маалымат - жалган"
Социалдык тармактарда өлкөнүн 1 миллиард долларга карызы көбөйүп жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.
2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен 758,3 миллион доллар суммасында келишимдер түзүлдү, анын ичинен гранттар – 291,5 миллион доллар жана кредиттер – 466,8 миллион доллар. "Бул аралыкта 1 миллиард долларга эмес, 466,8 миллион долларга кредиттик келишимдер түзүлгөн. Кыргызстандын кирешеси төмөн экенин эске алып, донорлор жеңилдетилген шартта насыя беришет", - деп кошумчалашты министрликтен.