SerepTV Logo

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктар менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Министрлер кабинетинин орун басарлары дайындалды. Жарлыктарга ылайык: - Кожошев Арзыбек Орозбекович Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды; - Аалиев Азиз  Кубанычбекович Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду; - Байсалов Эдиль  Жолдубаевич Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду; - Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.