SerepTV Logo

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү дайындалды

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү дайындалды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда 11-апрелде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине ылайык, «Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Кол коюлган жарлыкка ылайык:
  • Кармышаков Улукбек Тойчуевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри болуп дайындалды.
  • Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды.
  • Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Коргоо министри болуп дайындалды;
  • Казакбаев Руслан Айтбаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Тышкы иштер министри болуп дайындалды;
  • Чынбаева Асел Рыспековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Юстиция министри болуп дайындалды;
  • Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды;
  • Купешев Болотбек Душекович Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;
  • Иманалиев Кайрат Олжобаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрт болуп дайындалды;
  • Ажикеев  Бообек Эргешевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;
  • Ниязбеков Улан Омоканович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Ички иштер министри болуп дайындалды;
  • Абдралиева Гүлмира Курманбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды;
  • Турдубаев Кубанычбек Апышевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды;
  • Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Айыл, токой жана суу чарба министри болуп дайындалды;
  • Шыкмаматов Алмамбет Насырканович Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри болуп дайындалды;
  • Кутманова Динара Асиевна Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы болуп дайындалды;
  • Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.
edita