SerepTV Logo

Министр Кулубаев АКШнын борбордук командачылыгынын башчысын кабыл алды

Министр Кулубаев АКШнын борбордук командачылыгынын башчысын кабыл алды
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев эл аралык иш сапарынын алкагында Кыргызстанга таанышуу сапары менен келген АКШнын борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Майкл Курилланы кабыл алды. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.
Анда Ооганстандагы кырдаалдын алкагында чек араларды бекемдөө жана трансулуттук коркунучтарга каршы туруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Министр Кулубаев аймактык коопсуздукту жакшыртуу боюнча региондук аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Гуманитардык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү өзүнчө каралды. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="117486,117485,117483,117484"]