SerepTV Logo

Министр электр энергиясына болгон жаңы баалар кайдан келип чыкканын түшүндүрдү

Министр электр энергиясына болгон жаңы баалар кайдан келип чыкканын түшүндүрдү
Бүгүн, 22-апрелде энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев жаңы тарифтик саясат боюнча маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда министр электр энергиясына болгон жаңы баалар кайдан келип чыкканын түшүндүрдү. «1-категорияга каралган 74 тыйын кайдан чыкты? Бул 1 сом 48 тыйындын 50 пайызы. Жардамга муктаж категорияларга 50 пайыздык жеңилдик берүү механизми илгертен бери бар. Биз ошону колдондук.  2-категория үчүн каралган 1 сом 4 тыйын кайдан чыкты? Мунун да негизи бар. Бул тариф гидроэлектростанциянын өздүк наркы менен саналган. Бул тарифтин ичинде Бишкек, Ош ЖЭБдеринин чыгымдары жок. 1,2-категориядагы жарандар үчүн чектер алынып бирдиктүү тариф болот. Себеби, мурун бул категориядагыларга толук кандуу көңүл бурулган эмес. Биз бул категориядагы жарандар үчүн жооптуубуз. Калган жарандарга 1 сом 48 тыйындан. Кышкысын убактылуу механизм катары 2-тепкич кирет. 1 сом 48 тыйындык тариф - энергетикалык компаниялардын 2020-жылдагы чыгымдарынын фактыларынан эсептелген тариф. Бирок ошол эле учурда бул тариф азыркы жагдайды эске албайт. Азыр биз импортко муктаж болуп атабыз. Ал импорттун чыгымдары бул тарифке кирген эмес. Бишкек ЖЭБинде  генерацияны көтөрүп, кошумча электр энергиясын чыгарып атабыз. Ага кошумча отун керек. Бул чыгымдар дагы азыркы тарифке кирген эмес. Андан тышкары азыр энергетика жаатындагы карыздардын көлөмү 129 миллиард сомго барабар. Буларды кайтарыш керек. Азыр жеңилдетилген режим жүрүп атат, карыздардын үстөгүн гана төлөп жатабыз. Негизги төлөмдөр дагы бул тарифке кирген эмес. Ошон үчүн биз социалдык акыбалды эске алып ушул тарифти сунуштап атабыз. 1 сом 48 тыйындык тариф кышкы мезгилде убактылуу механизм катары суунун тартыштыгына байланыштуу 2-тепкич менен чогуу иштейт. Экинчи тепкич бир миң киловатт сааттан ашырганда колдонулат. Анын киргизилиши - убактылуу механизм. Эгер биз тез арада Токтогул суу сактагычындагы сууну толтурсак, бул 2-тепкич алынат. Энергетиктердин максаты кошумча киреше алуу эмес, жарандарды жарыкты үнөмдөп керектегенге үйрөтүү. Экинчи тепкичтеги 2 сом 29 тыйын каяктан чыкты? Бул  энергетикалык компаниялардын 2022-жылдагы чыгымдарынын божомолу. Ага импорттун чыгымдары, кошумча отундун чыгымдары жана карыздын негизги төлөмдөрү кирет», - деди Турдубаев. Кечээ президент Садыр Жапаров электр энергиясына болгон баа саясаты кайра карала турганын билдирген. Анын сунушу боюнча, керектөөчүлөр 3 категорияга бөлүнөт. 1-категорияга аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кирип, бир киловатт/саат үчүн 74 тыйындан төлөшөт. 2-категорияга тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондордо жашагандар кирип, 1 сом 4 тыйындан төлөшөт. 3-категорияга жашоо-шарты "Кудайга шүгүрлөр" кирип, 1 сом 48 тыйындан төлөп калат. Акыркы категориядагылар кышкы мезгилдерде саатына 1000 киловаттан ашса, 2 сом 29 тыйындан төлөйт.
Unknown Author