SerepTV Logo

Министр Алымкадыр Бейшеналиев президентке 5 адамды кызматтан алууга көрсөтмө бергенин билдирди

Министр Алымкадыр Бейшеналиев президентке 5 адамды кызматтан алууга көрсөтмө бергенин билдирди
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президентке беш адамды кызматтан алуу сунушун берди. Ал бул тууралуу бүгүн, 30-майда «Наристе» бала бакчасына барганда билдирди. Алар: - саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев; - саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов; - саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жапаркул Ташиев; - Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаментинин директору Нурдин Кагаздиев; - Фтизиатрия боюнча улуттук борбордун директору Мадамин Каратаев. Министрдин айтымында, буга чейин ал жогорудагы адамдарды иштен айдоо көрсөтмөсүн Министрлер кабинетинин төрагасына берген. Бирок чечим кабыл алынбагандыгына байланыштуу президентке кайрылган.

16-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары, анын ичинде аталган кызматкерлер Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан бошотууну суранып, маалымат жыйын өткөрүшкөн болчу. Ал учурда министр иш сапарда жүргөнүн айткан.