SerepTV Logo

Министр Алымкадыр Бейшеналиев кайсы учурда отставкага кетерин айтты

Министр Алымкадыр Бейшеналиев кайсы учурда отставкага кетерин айтты

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жалпы эл суранса гана кызматтан кетерин билдирди. Ал Германияда «өтө чоң миссия" менен жүргөнүн, иш сапары аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтып келерин билдирди.

«Мен медицинада реформаларды тезирээк жүргүзүү үчүн мындан да көп иштейм, анткени дайыма мага тоскоолдук кылгысы келген абийирсиз адамдар бар деп айтчумун. Мен 300дөн ашык клиниканы жаап жатам, буга жооп келди», - деп кошумчалады ал.

Ал ошондой эле жумушуна тоскоолдук жаратып жаткан орун басарларын кызматтан аларын айтты. "Мен иштеп жатам, эл көрүп турат. Эл сен иштей албайт экенсиң десе кетем", - деди ал.