SerepTV Logo

"Менин каталарымды кайталабаш керек". Атамбаев Жапаровго кеңеш берди

"Менин каталарымды кайталабаш керек". Атамбаев Жапаровго кеңеш берди
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 7-Апрель элдик революция күнүнө карата кайрылуу жасап, президент Садыр Жапаровго кеңеш берди. "Бир кеңеш берет элем өлкө башчыбызга: булар төңкөрүш, тигилер көтөрүлүш даярдап жатышат деп, же дагы бир башка болбогон шылтоо менен бейкүнөө адамдарга - саясатчы, ишкер, журналист жада калса блогерлерге кылмыш иштерин жок жерден ойлоп тапкандарга эч качан ишенбеш керек. Ушундай эргулдар президентке жакшы көрүнөм деп түз эле аңга алып барышат. Оппозиция - бул ар бир демократиялык мамлекетте өнүгүүнүн милдеттүү элементи экендигин унутпашыбыз керек. Президент менин каталарымды кайталабаш керек. Бул анын жана өлкөнүн аброюна көлөкө гана түшүрөт", - деп жазылат кайрылууда.
edita