SerepTV Logo

Атазов Жапаровдон "19 тонна алтын чыгып кеткени чынбы?" деп сурады

Атазов Жапаровдон "19 тонна алтын чыгып кеткени чынбы?" деп сурады
Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын ачылышы болду. Анда төрага Талант Мамытов сессияны ачык деп жарыялады. Депутаттарды куттуктоо үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келди. Депутат Шайлообек Атазов Акылбек Жапаровдон 19 тонна алтын боюнча сурады. "Мен отчёт берди деп ойлодум. Кыска суроого жооп берип койсунчу. 19 тонна алтындын чыгып кеткени чынбы же калппы?" - деген суроо узатты. "Мен да силердей депутат болгом. Ошондуктан куттуктап койгону келгем. Далай жолу чакырып, далай жолу мага суроо бересиңер. Алтын боюнча сиздерге так жооп берүүгө даярбыз. Айрым маалымат агенттиктер тукуруп, алтындын тегерегинде чырдашканга жол бербейбиз. Бизде так маалымат бар. Алтын оюнчук эмес да", - деди Жапаров.