SerepTV Logo

"Мен качпайм". Алымкадыр Бейшеналиев Сабырбек Жумабеков менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтты

"Мен качпайм". Алымкадыр Бейшеналиев Сабырбек Жумабеков менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтты
Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Ал депутаттарга 4-оорукананын эсепчисин таппай жатканын айтты. "Кимден отчет аларды билбей жатабыз. Айткандан да коркуп калдым. Биз өткөрүп алуу кылышыбыз керек да. Биз айтып атабыз, келгиле өткөрүп бергиле деп жатабыз", - деди министр. Депутат Русланбек Жакышов министрден "4-оорукананын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков менен маңдай-тескей отуруп сүйлөштүңөрбү?" деген суроо узатты. Министр сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. "Мен 1 жылдан бери эле сүйлөшүп келе жатам. Акыркы урушардын алдында да 2-3 жолу жолуктум. Дагы деле сүйлөш десеңер, сүйлөшөм. Мен эч кимден качпайм", - деди министр.