"Мекеним Кыргызстан" партиясынын негиздөөчүсү каза болгон депутаттын мандатын алышы мүмкүн
Кечээ, 28-февралда каза болгон Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов буга чейин Эсептөө палатасына аудитор болуп дайындалгандан кийин анын депутаттык мандаты бош калган.
Мыйзам боюнча Акматовдун ордун анын партиясынын (Бир бол) тизмесиндеги кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында "Бир бол" партиясынын тизмесинде Акматовдун ордуна келчү кийинки талапкер 37 жаштагы, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын негиздөөчүсү катары коомчулукта таанымал Айбек Осмонов көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, ал "Мекеним Кыргызстан" партиясынын ички чыр-чатагынан кийин ал партиядан чыгып, "Ыйман нуруна” кошулуп, ал жактын саясат бөлүмүн жетектеген. Бирок кийин кайра ал партиядан да чыгып кеткени айтылган эле.