"Мекеним Кыргызстан" партиясынын негиздөөчүсү Айбек Осмоновго мандант тапшырылды
Кечээ, 14-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү Айбек Осмоновго Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырды.
Маалыматка ылайык, Осмонов 28-февралда оорудан каза болгон «Бир Бол» партиясынын депутаты Алмазбек Акматовдун ордуна келди.
Бул жаңы депутат бир тууганы Нурбек Осмонов экөө соңку парламенттик шайлоодо чуу жараткан "Мекеним Кыргызстан" партиясынын негиздөөчүлөрү катары таанымал. Айбек Осмонов шайлоодо алгач аталган өзүнүн партиясы менен аттанган. Бирок "Мекеним Кыргызстандын» ички чыр-чатагынан кийин ал партиядан чыгып, «Ыйман нуруна” кошулуп, ал жактын саясат бөлүмүн жетектеген. Кийин ал партиядан да чыгып кеткени айтылган эле.