"Мекенчил" партиясынын мүчөсү министрдин орун басары кызматына дайындалды
Айгүл Абдраева билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал бир ай мурун дайындалган. Айгүл Абдраева министрликтин илим жагын көзөмөлдөйт.
Айгүл Абдраева Ысык-Көл облусунун Түп районунун Күрмөнтү айылында төрөлгөн. В.В. Маяковский атындагы Кыргыз аялдар педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин бүтүргөн.
Мектепте мугалим, И.Арабаев университетинде декандын орун басары, кафедра башчысы, декандын милдетин аткаруучу кызматтарында иштеген.
2020-жылдын күзүндө "Мекенчил" партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан.