"Мекенчил" партиясы Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна да, парламенттик шайлоого да катышпайбы?
"Мекенчил" партиясы 11-апрелде өтө турган Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна да, парламенттик шайлоого да катышпайт. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Адинай Марипова социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.
"Урматтуу достор, журналисттер жана башкалар: "Мекенчил" партиясы 11-апрелдеги шайлоого барбайт экен, чынбы?" деп сурап жатышат. Ооба, чын. "Мекенчил" партиясы 11-апрелде дагы, парламенттик шайлоого да катышпайт",- деп жазды ал.