Медеткан Шеримкулов: "Депутаттар өлкөнүн өнүгүшүнө өздөрүнүн баа жеткис салымын кошту"
Кечээ, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү. Анда мамлекеттик ишмер, экс-спикер Медеткан Шеримкулов кыргыз элинин тарыхына өзгөчө көңүл бурду.
«Кыргыз эли байыртан коомдук пикирге өзгөчө көңүл бурган - эл. Дал кыргыз эли бардык курч курч маселелердин баарын курултайларда чечкен. 1938-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин бардык чакырылыштагы депутаттар өлкөнүн өнүгүшүнө өздөрүнүн баа жеткис салымын кошту», - деди Медеткан Шеримкулов.