SerepTV Logo

Медербек Алиев: “Адилеттүүлүк үчүн айтып коюшум керек, шайлоо таза өтүп жатат”

Медербек Алиев: “Адилеттүүлүк үчүн айтып коюшум керек, шайлоо таза өтүп жатат”
"Ишеним" партиясынан депутаттыкка талапкер Медербек Алиев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого №1113 шайлоо участогунан добуш берди. “Адилеттүүлүк үчүн айтып коюшум керек, таза шайлоолордун бири болуп жатат. Бул жолкусунда мамлекеттик кызматкерлер, административдик ресурс, айыл өкмөт кийлигишкен жок. Анча-мынча мыйзам бузуулар болуп жатышы мүмкүн. Бирок бара-бара көч түзөлөт, элдин аң-сезими өзгөрөт”, - дейт Алиев. https://www.youtube.com/watch?v=lNLp6jpHw9A  
Unknown Author