SerepTV Logo

Масалиев: "Казино боюнча добушту ачыкка чыгарып жиберүүгө депутаттар таарынган деле жок"

Масалиев: "Казино боюнча добушту ачыкка чыгарып жиберүүгө депутаттар таарынган деле жок"
Казино боюнча добушту ачыкка чыгарып жибергенде депутаттардан эч кандай реакция болгон жок. Себеби депутаттар каалагандай добуш беришти. Бул тууралуу "Саясий коктейль" берүүсүндөгү маегинде депутат Исхак Масалиев билдирди. "Бир гана Жогорку Кеңештин төрагасы көрсөтүүдөн баш тарткан болчу. Депутаттардан сөз уккан жокмун. Бул жашыруун маалымат эмес да. Добуш бергенден кийин болду да, эртеби-кечпи ал билинет. Бирок кесиптештердин капачылыгын байкаган жокмун",- деди ал. 23-июнда депутат Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасына казино боюнча мыйзам долбооруна эл өкүлдөрү кандай добуш бергени көрсөтүлгөн видеону жарыялаган. https://youtu.be/JYA2WB0BhVA