Мас айдоочулардын жазасын катаалдатуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин мас айдоочулардын жазасын катаалдатуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.
Эгер бул колдоо тапса, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Укук тартибин коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилет. Андагы маалыматка караганда, соңку он жылда Кыргызстанда 68 миңге жакын жол-транспорт кырсыгы катталган, анын кесепетинен 10 миңдей адам каза болду. Жол кырсыктарынын 80 пайызы айдоочулардын айынан болот, анын ичинде машинаны мас болуп алып айдагандар 7 пайызды түзөт.
"Сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса, мас абалында машина айдап эреже бузгандар 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат, азыркы мыйзамда бул мөөнөт 8 жылга чейин деп көрсөтүлгөн. Алкоголдун концентрациясынын жол берилген чегинен ашкандыгы үчүн айып пул азыр 17,5 миң сомду түзөт, жаңы эреже кирсе 50-80 миң сом болот", - деп айтылат маалыматта.