Марлен Маматалиев: "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорунун айрым беренелери алынат"
Буга чейин “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору президенттин өтүнүчү менен кезексиз каралып, бирок тармактык комитет тарабынан колдоо тапкан эмес. Мындан улам биз депутаттарга «Элдик курултай мыйзам долбоору бул артыкбаш бийлик бутагыбы? Же эл менен бийликтин ортосундагы көпүрөбү?» деген суроо менен кайрылууну туура көрдүк.
Депутат Марлен Маматалиев элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болушу керек деп эсептейт. "Бирок сунушталган мыйзам долбоор курултайдын негиздеринен ашып кетишиптир. Алар көбүнчө аткаруу бийлигинин механизмдерин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын угууну да киргизишиптир. Шайлоо процедурасы жаңы бир депутаттарды шайлагандай экен. Юристтер менен кеңешип, айрым беренелер алынат", - деди ал.
https://youtu.be/G3BcVLPz5vU