Марлен Маматалиев: "Депутат катары жаңы Ак үйдүн курулушун колдойм"
Президент Садыр Жапаров өткөн аптада жаңы Ак үйдүн курулушуна капсула салып, бирок бул окуя коомчулукта талкуу жаратты. Анда мамлекет башчысынын бул кадамы анын буга чейин «Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдыра туруп, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам» дегенине каршы келерин билдиришти.
Көп өтпөй "Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсың" деген өлкө башчысы анын курулушуна мамлекеттин бир тыйын акчасы кетпегенин жана анын курулушунун баасы 16 гектар жерге алмашылып жатканын айтты. Президенттин бул билдирүүсү талкууну ого бетер күчөттү. Мындан улам депутаттарга "Жаңы Ак үйдүн курулушу азыркы кырдаалда керек беле же жокпу?" деген суроо менен кайрылдык.
Депутат Марлен Маматалиев жаңы Ак үйдүн курулушун колдорун билдирди. "Чынын айтыш керек, 2019-жылдан бери көтөрүп келе жаткам. Депутат катары колдойм. Бул жөн эле Ак үйдү ал жерге көчүрүү эмес. Анда комплекстүү бүт мамлекеттик кызматкерлерди жана мамлекеттик имараттардын баары көчүрүү керек. Керек болсо, долбоорун чийдирип, көчүрүш керек деген маселе көтөргөм. Биринчиден, шаардагы тыгын маселесин чечүү. Экинчиси, Өкмөттүн эффективдүү иштеши. Азыр ар бир мамлекеттик органдар ар кайсы жерде жайгашкан", - дейт депутат.
https://youtu.be/OzKUAFBGqq4