SerepTV Logo

Марлен Маматалиев: "Дача-СУ кырсыгы боюнча эл оозундагы версиялардын бирөөсү чындыр"

Марлен Маматалиев: "Дача-СУ кырсыгы боюнча эл оозундагы версиялардын бирөөсү чындыр"
Садыр Жапаров Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар жүрүп жатканын жүйө кылып, коомдук комиссия түзүлгөнүн айтты. «Учактын кулашына ким күнөөлүү, жүк кимге таандык болгон жана жабыр тарткандарга чогултулган акчалар кандай бөлүштүрүлгөн?» деген суроолор жоопсуз калууда дейт ал. Мындан улам биз депутаттарга «Бул иш эмнеси менен сырдуу жана сиз кандай суроого жооп алгыңыз келет?» деген суроо менен кайрылдык. Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, бул окуянын артында чоң саясий кишилер болушу мүмкүн. "Ошонун алкагында коомдук комиссия түзүлүп жатат деп ойлоп жатам. Эгер муну жөн гана биздин органдар териштирип, органдар гана чыгарып калса, анда саясий чечим деп айтылат деген маанини сездим. Демек, ачык-айкын, бардыгы билсин деген жагдайбы деп жатам. Эми биз билебиз да, ошолор учурдагы комиссия кандай чечим чыгарган. Бирок эл оозунда 3-4 версия жүргөн. Балким бирөөсү чындыр. "Эмне жүк болгон, туманга карабай учакты кондургула деген чынбы же жокпу, негизгиси ичинде эмне болгон?" деген суроолорго жооп алгым келет", - деди депутат. https://youtu.be/QBq7reTABys