Марипов: "Январда Финпол президенттин бизнести коргоо жарлыгын тоотпостон, 100 ишкерге иш козгогон"
Президенттин бизнести коргоо боюнча бир катар жарлыктарына карабай, 2021-жылдын январында Финпол ишкерлерге карата 100, февралда 40 иш ачкан. Бул туурасында өкмөт башчы Улукбек Марипов өкмөттүн жыйынында билдирди.
УКМК тарабынан январда 7, февралда 2 иш ачылган, ИИМ тарабынан январда 18, февралда 14 иш ачылган.
«Сөз президенттин жарлыгы чыккандан кийин кабыл алынган чечимдер жөнүндө болуп жатат. Эгер бул чечимдерди өзүбүз, өзгөчө көзөмөлдөөчү органдар аткарбаса, анда кантип өнүгөбүз? Ошон үчүн өкмөттүн иши кагаз үчүн эмес, эл үчүн болушу керек», - деди Марипов.
Ал ошондой эле көзгө көрүнөрлүк иш-чараларды аткаруу керектигин кошумчалады. Премьер-министр өкмөттүн 100 күндүк артыкчылыктуу иш-чараларын жүзөгө ашыруу жөнүндө айтып берди.
Бул убакыт аралыгында бир текшерүүчү орган жоюлду, деп кошумчалады ал.
«Эгерде жөнгө салуучу органдар инвесторлорду коркутууну токтотпосо, ал эми уруксат берүүчү органдар "шапка" алууну токтотпосо, анда инвесторлордун кооптонуусу мындан дагы күчөшү мүмкүн. Анан кантип экономиканы көтөрөбүз, калктын жашоосун жакшыртууга кандайча жардам беребиз, урматтуу жетекчилер? " - ал сурады.