Манас Мураталиев Тогуз-Торо районунун акими болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Мураталиев Манас Манапбекович Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды.