SerepTV Logo

Мамытов “президенттик шайлоо өлкөдөгү кырдаалды мындан ары турукташтырууда маанилүү кадам болот” дейт

Мамытов “президенттик шайлоо өлкөдөгү кырдаалды мындан ары турукташтырууда маанилүү кадам болот” дейт
«Бардык кыйынчылыктарга карабастан, Кыргыз мамлекети ЖККУнун алкагындагы өз милдеттенмелерин татыктуу аткарып жатат», — деди президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов. Кечээ, 2-декабрда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун видеоконференция форматындагы сессиясы болуп өттү. Мамытов өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий кырдаалга токтолду. «Окуялардын чоо-жайына токтолбой эле коёюн, анткени сиздерде жетиштүү деңгээлде маалыматтары бар деп ойлойм. Бүгүнкү күндө биз үчүн баарынан маанилүүсү 4-октябрда парламенттик шайлоодо кетирилген кемчиликтерди жоюп, элдин талаптарын ишке ашырууга карата багыт алуу болуп саналат. Азыр өлкөдө коомдук-саясий кырдаал калыбына келди», — деди президенттин  милдетин аткаруучу. Талант Мамытов ошондой эле 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтө тургандыгын белгиледи. Буга байланыштуу бийлик органдары шайлоону адилеттүү жана атаандаштык негизде өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт деп ишендирди. Мамытовдун айтымында, бул өлкөдөгү кырдаалды мындан ары турукташтырууда маанилүү кадам болот. ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргыз мамлекети, Орусия жана Тажикстан мүчө.
admin@supertv.kg