SerepTV Logo

Мамлекеттик ипотекалык компанияда жетекчи алмашты

Мамлекеттик ипотекалык компанияда жетекчи алмашты
Аида Төлөгөнова Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруучулугунун төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, Төлөгөнованы кечээ, 10-мартта, "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жыйынында шайлашкан. "Төлөгөнованын Мамлекеттик салык кызматында, Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттикте, ошондой эле жеке түзүмдөрдө финансист жана бухгалтер болуп иштеп, тажрыйбасы мол", — деп айтылат маалыматта. Маалыматта башкаруучулуктун экс-төрайымы Элмира Абжапарова өз каалоосу менен берилген арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулганы айтылды.  
Unknown Author