SerepTV Logo

Максат Мамытканов Ош облусунун укук коргоо жана күч органдары менен жолукту

Максат Мамытканов Ош облусунун укук коргоо жана күч органдары менен жолукту
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Ош облусунун укук коргоо жана күч органдары менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ошко болгон иш сапардын алкагында вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу күч органдары менен коомдук тартипти коргоо маселесин сүйлөштү. Жыйындын жүрүшүндө Мамытканов 10-январдагы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого токтолуп, өкмөт таза шайлоону өткөрүү боюнча элге берген убадасын аткарганын белгиледи. “Өлкөдө саясий абал турукташты. Эми экономикага көңүл буруу керек. Коомдук-саясий абалдын туруктуу болушу социалдык-экономикалык тармактын өнүгүүсүнө, ишкерлерди жана инвесторлорду тартууга шарт түзөт”, - деди Мамытканов.
edita