SerepTV Logo

Мадумаровдун ордуна Масалиев. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери алмашты

Мадумаровдун ордуна Масалиев. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери алмашты
Адахан Мадумаров "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидерлигин бошотуп берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында бүгүн, 8-майда депутат Гуля Кожокулова билдирди. Фракциянын жаңы лидери болуп депутат Исхак Масалиев, орун басарлыгына эл өкүлү Эмил Токтошев шайланды.
Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү тергөө абагынан чыккан. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
info