Мадумаровдун кармалышы: Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүү сунушу колдоо тапкан жок
Бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун кармалышынын жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлбөй калды.
Депутаттык комиссияны түзүү үчүн 46 добуш керек. Ал эми комиссияны түзүү жана курамын бекитүү боюнча добуш берүүдө катталган депутаттардын 40ы “макул”, 11и “каршы” добуш берди. Катталган депутаттардын саны 73 болчу.
Жыйынтыгында сунуш колдоо тапкан жок.