Мадумаровду кол тийбестиктен ажыратуу. Депутаттык комиссия түзүлдү
Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңеш депутат Адахан Мадумаровдун кол тийбестигин алып салуу боюнча башкы прокурордун сунушун иликтөө боюнча комиссия түзүү чечимин кабыл алды.
Депутаттык комиссиянын курамы:
- «Ата-Журт Кыргызстан» — Айбек Осмонов; - «Бүтүн Кыргызстан» — Исхак Масалиев; - «Ынтымак» — Мурадил Сыдыков; - «Ишеним» — Бахридин Шабазов; - «Ыйман Нуру» — Динара Ашимова; - "Элдик" тобу — Аманкан Кенжебаев; - «Альянс» — Азамат Исраилов.