SerepTV Logo

Мадумаров: "Административдик ресурс болуп келди, болуп жатат"

Мадумаров: "Административдик ресурс болуп келди, болуп жатат"
Бүгүн, 28-ноябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров борбор калаадагы шайлоо тилкелеринин биринен добуш берди. Талапкер ал баштаган партия биринчилердин катарында жеңишке жетүүгө үмүт кылып жатканын айтты. Ал ошондой эле шайлоодо административдик ресурс кандайдыр бир деңгээлде колдонуларын да билдирди. "Эгер бийлик кааласа, шайлоо таза өттү деп дүйнөгө канчалык жар салса да, добуш сатып алуулар болот. Бирок бул ирет элибиздин саясий деңгээли бир аз көтөрүлүп, руханий дүйнөсү байыгансыйт. Көптөгөн нерселерден баш тартып жатышат. Административдик ресурс болуп келди, болуп жатат. Мамлекеттик телеканалдар, маалымат каражаттары аркылуу бир нерсени акырын былгытып коюу - азыркы бийликтин адатына айланып калды", - деди Мадумаров. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="85901,85897,85899,85898,85902"]