SerepTV Logo

Лейлек менен Баткен районунун акимдеринин кызматтан кеткени айтылууда

Лейлек менен Баткен районунун акимдеринин кызматтан кеткени айтылууда
Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов жана Баткен районунун акими Акылбек Орозов ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты. Ошондой эле аталган жетекчилер буга чейин аттестациядан өтпөй калышканы, ага байланыштуу жакын арада баары бир кызматтан кетишмек экени айтылды. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө байланышканыбызда, бул боюнча так маалымат учурда болуп жаткан жыйындан кийин белгилүү болорун айтышты. "Азыр жыйынга кирип баратабыз. Чыккандан кийин гана кимдин кеткени белгилүү болот. Азырынча бир нерсе деш эрте болуп калат", - дешти.
edita