Лейлек, Кадамжай, Баткен райондорунун акимдери кызматтан кетти
Баткен облусунун Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов, Кадамжай районунун акими Абдыманап Жакбаров, Баткен районунун акими Акылбек Орозов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.