SerepTV Logo

Кытай Кыргызстанга 54 миллион доллар грант берет. Дагы кандай жардам көрсөтүлөт?

Кытай Кыргызстанга 54 миллион доллар грант берет. Дагы кандай жардам көрсөтүлөт?
Кечээ, 11-майда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Сиань шаарындагы иш сапарынын алкагында Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту. Министрлер бир катар маселелерди талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Алардын ичинде: - Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларынын эскпортун кеңейтүү; - «Торугарт» жана «Эркеч-Там» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртуу; - товар жүгүртүүнү көбөйтүү; - Кыргызстанда гранттык долбоорлорду ишке ашыруу; - Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу; - Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик карызын жөнгө салуу; - Кыргызстандын экономикасына Кытайдан максаттуу инвестицияларды тартуу; - «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында инфраструктура жаатындагы долбоорлорду бирге ишке ашыруу талкууланды. Министр Ван И Кытай Кыргызстандын экономикасына колдоо көрсөтүү үчүн 350 миллион юань (болжол менен 54 миллион доллар) өлчөмүндөгү грант бөлүү чечимин кабыл алганын айтты. Ошондой эле Кытай Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызын төлөө боюнча кечиктирилген убакытка кошумча төлөм кошпой турганын билдирди. Ошондой эле Кыргызстанга азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүү маселеси да каралат. Кытай тарап Кыргызстандан экспорттолгон экологиялык таза продукциялардын көлөмүн көбөйтүп, тизмеге картошка, төө буурчак, рапс жана жүзүмдү кошууга кызыкдар экени да айтылды. Эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркеч-Там» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптимизациялоо багытындагы иштер да жүргүзүлөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки тараптын Тышкы иштер министрликтеринин 2022-2023-жылдардагы кызматташуу программасына кол коюлду.
edita