SerepTV Logo

Кыргызстанга Түркиянын президенти келет

Кыргызстанга Түркиянын президенти келет
Президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефондук сүйлөшүүсү болду. Сүйлөшүүдө мамлекет башчылары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирин жылуу куттукташты. Президент Садыр Жапаров Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган, дипломатиялык алака түзүп жана элчилигин ачкан алгачкы өлкө экенин канаттануу менен белгиледи. «Түркия биз үчүн боордош мамлекет, ишенимдүү дос, ошондой эле мезгил сынагынан өткөн өнөктөш. Кыргызстан Түркия менен мамилеге өзгөчө маани берет», — деди Садыр Жапаров. Өз кезегинде президент Режеп Тайип Эрдоган 2021-жылы кыргыз-түрк мамилелерине стратегиялык өнөктөш макамы берилгенине 10 жыл болгонун белгиледи. Буга байланыштуу ал стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 2021-жылдын июнь айында өткөн жыйынынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өз ара күч-аракетти жумшоону сунуштады. Түрк лидери 2022-жылы боло турган Кеңештин кийинки жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келүү ниетин билдирди.