Кийинки окуу жылынан тартып “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы киргизилет
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.
1990-жылдары динге ишенгендердин көпчүлүгү эки конфессияга: ханафий мазхабындагы суннит исламына жана православ христиан динине таандык болгон. Бирок көз карандысыздык мезгилинде өлкөнүн аймагында постсоветтик өлкөлөр үчүн жаңы христиан, ислам багыттарындагы жана дүйнөлүк агымдардын идеяларын жайылтуучу башка түрдүү диний уюмдар да активдүү иш жүргүзө баштады.
Соңку жылдары дүйнө жүзү боюнча да, Борбордук Азия регионунда да диний экстремизмдин жана радикализмдин өсүшүнүн айынан социалдык-саясий кырдаалдын татаалданышы байкалууда. Бул тенденция мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген зомбулуктун жана экстремисттик иштин жайылуу коркунучуна алып келет.
Жалпысынан диний экстремизмди жана терроризмди дин деп түшүнбөстөн, анын радикалдуу формаларына каршы туруу керек. Кыргыз Республикасында конституциялык түзүлүштү өзгөртүүнү, светтик системаны теократиялык системага алмаштырууну эл алдында пропагандалоону камтыган радикалдуу диний идеологияларга мыйзам менен тыюу салынган.
Динге, анын Кыргызстандын тарыхындагы, маданиятындагы жана күнүмдүк турмушундагы ролуна болгон кызыгуунун өсүшү дин жөнүндө объективдүү илимий билимге массалык муктаждыкты жаратты. Бул муктаждыкты мектептик билим берүү түзүмүндө светтик билим берүү системасы канааттандырууга тийиш.
Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп дин таануу билиминин жана агартуунун деңгээлин жогорулатуу саналат. Бул үчүн мамлекет мектептик билим берүү системасына дин таануу боюнча тиешелүү предметти киргизүүгө, мугалимдердин жана профилдик мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун институттарынын кызматкерлеринин жана башка кызыкдар тараптардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарын иштеп чыгууга тийиш.
Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында диндердин өнүгүү тарыхын окуу төмөнкү учурларды камтышы керек:
– окутуу заманбап илимий-методикалык ыкмаларга негизделүүгө тийиш;
– биздин өлкө үчүн дүйнөлүк жана салттуу диндер жөнүндө билим берүү окуучулардын дүйнөнү, маданиятты жана адамдын руханий жашоосун таануусуна жардам берүүгө тийиш;
– салттуу диндердин негиздерин билүү улуттук өзүн таанууну калыптандырууда, колдоодо жана сактоодо, экстремизм идеологиясын жана сабырсыздыкты алдын алууда маанилүү ролду ойнойт.
Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында дин таануу боюнча билим берүү гуманитардык билим берүүнүн курамдык бөлүгү болуп, өсүп келе жаткан муунга жана жаштарга дин, анын тарыхы жана адамзатынын жашоосундагы ролу, маданияты, руханий адеп-ахлак чөйрөсү жөнүндө объективдүү илимий билим бериши керек.
Жогоруда жазылгандарды эске алып, дин таануу боюнча билим берүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
- 2022-2023-окуу жылынан баштап менчигинин түрүнө жана формасына карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын окуучулары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети базистик окуу планына киргизилсин.
- Министрлер кабинети белгиленген тартипте:
- Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Билим берүү жана илим министрлиги:
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте ушул Жарлыктын 3-пунктунан келип чыгуучу чараларды иштеп чыксын жана ишке ашырсын.