Жогорку Кеңеш Тажикстандын парламентине кайрылуу жолдойт
"Кыргыз-тажик чек арадагы жаңжалдан кийин биздин фракция гумжардам менен журтка жардам көрсөтүп келдик". Бул тууралуу бүгүн, 2-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.
"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы бул маселени карадык, анан кечээ эл аралык иштер боюнча комитетке да алып чыктык. Жалпы Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан Тажик Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына кайрылуу бар эле. Ошону күн тартибине киргизип койсоңуздар. Сиздер менен макулдашыш керек болуп жатат. Кайрылуунун долбоорун комитеттен өткөрдүк", - деди ал.