Кыргызстандын 60тан ашык ведомстволорунун аталыштары өзгөртүлдү
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин 12-октябрдагы жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” мыйзамдын 13 жана 17-беренелерине ылайык токтом кабыл алынды.
Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:
- Тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен туризм чөйрөсүндөгү функцияларды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүп берүү менен Экономика жана коммерция министрлигине жана Финансы министрлигине бөлүү жолу менен Экономика жана финансы министрлиги;
- Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине бөлүү жолу менен Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.