Кыргызстан юристтер бирикмеси: "Жаңы Баш мыйзамга ылайык сот бийлиги эркин боло албайт"
Жаңы Баш мыйзамга ылайык сот бийлиги эркин боло албайт. Бул тууралуу Кыргызстан юристтери бирикмесинин өкүлдөрү брифинг учурунда билдиришти.
Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда конституциялык соттун ыйгарым укуктары кеңейтилген. Юристтер бул боюнча төмөнкүлөргө токтолушту: “Мындай өзгөртүүлөр Акаев жана Бакиев доорунда да орун алган. Алар бийликти өзүлөрнө ылайыктуу кылып өзгөртүп алышкан эле. Бул мыйзамда да сотторду президент өзү дайындап жатканын эске алсак, сот эркиндиги, сот адилеттүүлүгү орун алат деп айта албайбыз. Сот адилеттүүлүгү боюнча курамда соттор, укук коргоочулар болгону менен жарандык активисттер жок. Башкача айтканда калктын үнү кошулбай калган”.