Кыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрлери сүйлөштү. Эмнелер макулдашылды?
Кечээ, 11-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелерин, эл аралык жана аймактык күн тартибин талкуулап, алдыда боло турган тышкы саясий иш-чаралар жана жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты. Мындан тышкары тараптар аймактык коопсуздук маселелерине, «Борбор Азия+Россия Федерациясы» диалогунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө жана Нур-Султан шаарында мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле, тараптар мамлекеттер аралык кызматташуунун жогорку деңгээлин жана динамикасын канааттануу менен белгилешип, Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары да чыңдоо жана бекемдөө үчүн жигердүү кызматташууну улантууга макулдашышты.