Кыргызстан менен Орусиянын Коопсуздук кеңештеринин катчылары кызматташуу планына кол коюшту
Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жумушчу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин сайтында жарыяланды.
Анда коопсуздук тармагындагы орус-кыргыз кызматташтыгынын маселелери талкууланган. Маалыматтык жана биологиялык коопсуздук жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн келечегине өзгөчө көңүл бурулган. Катчылар эки өлкөнүн коопсуздук кеңештеринин кеңселеринин 2022-2023-жылдарга кызматташуу планына кол коюшкан.