Кыргызстан менен Индия туризм жаатында кызматташат
Нью-Дели шаарында Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев Индиянын туризм министринин орун басары Арвинд Сингх менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Исаев Кыргызстандын туристтик дарамети, бардык чет өлкөлөрдүн жарандары үчүн өлкөгө кирүү жандандырылгандыгы тууралуу айтып берип, ушуга байланыштуу элчилик бүгүнкү күндө Кыргызстанга индиялык туристтердин санын көбөйтүү боюнча жигердүү аракеттерди көрүп жаткандыгын айтты.
Ошондой эле, 2020-жылдын январь айында Нью-Делиде кыргыз туроператорлорунун катышуусу менен туристтик Роуд-шоу уюштурулуп, анын жүрүшүндө кыргыз тарап индиялык туроператорлордун сапарын уюштурууну сунушталганы белгиленди.
Мындану улам Индиянын өкүлү туроператорлорун Кыргызстанга жөнөтүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, кызматташтыктын багыттарынын бири катары чет мамлекеттерде бюджеттик мейманканаларды курууга инвестиция салып жаткан жана стартапы учурда бүткүл дүйнөдө кеңейтилген Индиянын мейманканаларынын жана конок үйлөрүнүн өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.
Жолугушуунун аягында жакынкы аралыкта Туризм департаментинин катышуусунда туризм боюнча биргелешкен жумушчу топтордун отурумун өткөрүп, учурдагы маселелерди талкуулоо боюнча макулдашуу жетишилди.