SerepTV Logo

Кыргызстан Иран менен аба каттамдарын жандантууну талкуулады

Кыргызстан Иран менен аба каттамдарын жандантууну талкуулады
Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Ирандын элчиси Саид Харазини кабыл алып, тараптар эки өлкөнүн ортосунда авиакаттамдарды жандантууну талкуулашты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгын кеп кылышкан.
Анын ичинде пандемиядан кийинки мезгилде транзиттик-транспорттук байланыштарды калыбына келтирүүнү жана жакын арада эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз авиакаттамдарды жандантууну талкуулашты.
Ошондой эле дипломаттар кыргыз-иран өкмөттөр аралык макулдашууларын практикалык түрдө ишке ашырууга жардам берген биргелешкен комитет түзүүнү сүйлөшүшкөн.
Unknown Author