SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча Казакстандын президенти үн катты

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча Казакстандын президенти үн катты
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча билдирүү жасаганын Ак орда билдирди. Өлкө башчысы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасындагы кандуу жаңжал тууралуу маалыматты катуу тынчсыздануу менен кабыл алганын белгилеген. "Кыргыздар да, тажиктер да бизге боордош калк, баарыбызды орток маданий баалуулуктар менен жалпы тарых бириктирип турат. Элибизге толеранттуулук мүнөздүү, өз ара сый мамиледе болуп келгенбиз. Ок атууну токтотуп, эки мамлекеттин тийиштүү өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрдү баштаганын кош колдоп колдойм", — деди Токаев. Президент Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилери даанышмандыгын көрсөтүп, бардык маселелерди тынчтык жолу менен чечерине ишеним арткан. Муну менен бирге Токаев абалдан чыгуунун жолун издөөгө салымын кошууга даяр экенин да белгиледи. "Чек ара көйгөйлөрүн жөнгө салуу механизмдерин Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусунда иштеп чыгууга болот деп эсептейм", - деди ал. Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал боюнча Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги да билдирүү тараткан.