SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча тараптар дагы жыйын өткөрүштү. Эмне маселелер чечилди?

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча тараптар дагы жыйын өткөрүштү. Эмне маселелер чечилди?
Тажикстандын Согди облусунун Гүлистан шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди. "Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кызуу пикир алмашуу жүрдү. Анда делегация жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги долбоордук линиянын өтүүсүн сүрөттөп жазууну мындан ары карай активдештирүү зарылдыгы тууралуу өз-ара толук түшүнүшүүсүн билдирди. Кеңешме алкагында укуктук маселелер боюнча жумушчу топтордун жана топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу орун алды, анын жүрүшүндө адистер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулоону улантышты. Ошондой эле тараптардын макулдашуусу боюнча кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кийинки кезектеги жыйыны кыргыз аймагында өтөт", - деп айтылат маалыматта.
Unknown Author