SerepTV Logo

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду ишке киришти

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду ишке киришти
Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтү өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Маалыматка караганда, фонддун уставдык капиталы 50 миллион долларды түзөт. Документке президент Садыр Жапаровдун республикага жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлду. "Фонд Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташуусуна көмөк көрсөтүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында негизделген. Фонддун милдети, функциясы, түзүмү жана иштөө тартиби, ошондой эле анын башкаруу органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укугу устав аркылуу аныкталат", — деп айтылат маалыматта. Фонддун башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашат. Фонд Кыргызстандагы экономикалык артыкчылыктуу тармактардагы өзүн-өзү актоочу долбоорлорду, анын ичинде төмөнкү багыттардагы каржылоону ишке ашырат:
  • агроөнөржай комплекси;
  • тигүү жана текстиль өнөр жайы;
  • кайра иштетүү өнөр жайы;
  • тоо-кен өндүрүү жана металлургия өнөр жайы;
  • транспорт;
  • турак-жай курулуш;
  • соода;
  • ишкерликти өнүктүрүү;
  • энергетикалык комплекс;
  • инфраструктураны өнүктүрүү;
  • туризмди өнүктүрүү.
Фонд эл аралык уюмдар, корпорациялар жана өнүктүрүү институттары менен Кыргызстандын аймагындагы долбоорлорду ишке ашыруу максатында иштешет. Ошондой эле Фонд тарабынан колдоого алынган долбоорлорго техникалык көмөк көрсөтүлөт.
Unknown Author