SerepTV Logo

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтордун биринчи жолугушуусу өттү

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтордун биринчи жолугушуусу өттү
5-7-май күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жолугушуусу болуп өттү. Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун талкуулап, макулдашышты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Өзбекстан Республикасынын аймагында өтөт.