SerepTV Logo

Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстан 25-декабрга чейин бирдиктүү инвестициялык долбоорлорду карап чыгат

Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстан 25-декабрга чейин бирдиктүү инвестициялык долбоорлорду карап чыгат
Кечээ Ферганада премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков менен Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Сардор Умурзаковдун эки тараптуу жолугушуусу болду. Сүйлөшүүдө тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын талкуулашты. Ушул жылдын 25-декабрына чейин өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү чараларын, багыттарын жана шарттарын аныктоо менен инвестициялык долбоорлорду жана өнөр жай кызматташтыгынын долбоорлорун жүзөгө ашыруу чечими кабыл алынды. Тараптар эки өлкөнүн аймагында биргелешкен соода-логистикалык жана дүң бөлүштүрүү инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле буга чейин кол коюлган Финансылык кызматташтык жөнүндө уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү жана бажы чөйрөсүндө кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасына кол коюу жөнүндө макулдашылды.
admin@supertv.kg