SerepTV Logo

Кыргыз өлкөсү Кытай менен чек арадан жүк ташуу көлөмүн көбөйтүүнү талкуулашты

Кыргыз өлкөсү Кытай менен чек арадан жүк ташуу көлөмүн көбөйтүүнү талкуулашты
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасындагы Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташтыктын жана өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, тараптар кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрмө пункттарында жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү, кытайлык инвесторлордун өнөр жай ишканаларын калыбына келтирүү жана жандандыруу, ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулады. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="92340,92341,92342"]